• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ат-Башынын акими район тургундарын Орозо айт майрамында үйдө болууга чакырды

Аймак 0

Бишкек, 23.05.20. /Кабар/. Бүгүн онлайн брифинг учурунда Ат-Башы районунун акими Нурбек Сатаров район тургундарын коронавируска байланыштуу Орозо айт майрамында үйдө болууга чакырды.

"Алдыда Орозо айт майрамы турат. Баарын Орозо айт майрамы менен куттуктайм. Ошол эле учурда жалпы элибизди айт күндөрү тартипти сактоо менен үйдө болууга чакырам", - деди ал.

Ошондой эле ал район элин зарыл иш болбосо Нарын жана Бишкек шаарына барбай турууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий