• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ат-Башынын акими райондогу социалдык объекттердин курулушу тууралуу айтып берди

Аймак 0

Бишкек, 23.05.20. /Кабар/. Бүгүн онлайн брифинг учурунда Ат-Башы районунун акими Нурбек Сатаров райондогу социалдык объекттердин курулушу тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, Ат-Башы айылында 5 чакырым жолго асфальт төшөлмөк. Учурда ал жерде курулуш иштери башталып, ал иштер "Бишкек – Нарын – Торугарт" жолунан үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен жүргүзүлүп жатат.

"Араб фонддору тарабынан Ат-Башы айылында бир борбор курулмак. Ал жерде кесиптик лицей, бала бакча, фельдшердик-акушердик пункт, мечит бар болот. Ал борбордун курулуш иштери башталды. Республикалык бюджеттин эсебинен Казыбек айылында бала бакча салынып жаткан. Ал жактагы курулуш иштери жанданды. Андан тышкары Большевик айылында 225 орундуу мектептин курулушу бар. Ал да араб фонддору тарабынан каржыланууда. Бул мектеп 1-сентябрга карата бүткөрүлөт. ЮНИСЕФтин "Коопсуз мектеп" деген долбоорунун алкагында салына турган мектеп бар. Бүгүнкү күнү анын документтери даярдалып, курулуш иштери башталганы турат. Ошондой эле демөөрчүлөр менен иш алып барып жатабыз. "Аю" компаниясы Кара-Суу айылында чакан бала бакча куруу убадасын берген. Ал жакта да курулуш иштери башталды", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий