• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ат-Башынын тургуну диний-экстремисттик уюмдан баш тартты

Аймак 0


Бишкек, 06.02.23./Кабар/. Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Муз айылынын тургуну “Хизб ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмдун идеологиясынан баш тартты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ак-Муз айылынын Ч.М.К. аттуу тургуну Кыргызстандын аймагында тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмдун ишмөөрдүлүгүнө катыштыгы бар экендиги аныкталган. Ал жогоруда аталган кыймылдын идеяларын активдүү пропагандалап жүргөн.

23-январда Ч.М.К.га түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн соң, ал экстремисттик кыймылдын ишмердүүлүгүнө мындан ары катышуудан баш тартканын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий