• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ат оюндары боюнча Борбор Азиялык лиганын дүйнөлүк Кубогунда кыргызстандык күмүш алды

Спорт 0

Ташкент, 25-апрель /Толонбай Курбанов – Кабар/. Ат оюндары боюнча Борбор Азиялык лиганын дүйнөлүк Кубогунун 1-турунун мелдештеринде 135 сантиметрлик бийиктикти багындыруу боюнча күмүш медалды Кыргызстандык Комил Собитов Квинтендро аты менен алды. Бул тууралуу кечээ “Кабар” агенттигинин кабарчысына Өзбекстандын ат оюндары федерациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кубоктун командалык мелдештеринде ат оюнчулары 135 жана 145 сантиметрлик тоскоолдуктардан өтүү боюнча күч сынашты. Жыйынтыгында 1-орунду Өзбекстан, 2-орунду Кыргызстандын курама командасы алышты. Казакстандын өкүлдөрү 3-орунга чыгышты.

Мелдештерге Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандан 50гө жакын спортчулар катышышты.

Пикир

Оставить комментарий