• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

"Ата-Бейит" мемориалдык комплексинин курулушу 2020-жылдын жаз айында аяктайт

Коом 0

Бишкек, 03.12.19. /Кабар/. "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинин курулушу 2020-жылдын жаз айында аяктайт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Мамлекеттик курулуш агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев билдирди.

Комплекстин курулуш иштерине 15 млн сом каралган.

"Объекттин долбоору "Арх-Модел" ЖЧКсы тарабынан аткарылууда. Курулуш жумуштарына сынак 26-сентябрда жарыяланып, "ЖБИ Сервис" ЖЧКсы жеңүүчү болуп табылган. 12-ноябрда жумуштарды аткаруу келишими түзүлгөн. Жалпысынан 2019-жылы 15 млн сом каржыланды. Ушул айдын жыйынтыгы менен 12 млн сомду өздөштүрүү күтүлүүдө. Жер казуу жумуштары, жертөлөнүн пайдубалы, дубалы, калка тосмосу бүткөрүлгөн. Тепкичтердин бетон жумуштары аяктады", - деди ал.

Объектти 2020-жылдын 1-апрелинде бүткөрүү пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий