• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

«Ата-Бейит» улуттук комплексинде 1916-жылкы Үркүндүн курмандыктары эскерилди

Өкмөт 0

Бишкек, 3 август /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмɵт башчысы Сооронбай Жээнбеков «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде 1916-жылдагы кайгылуу окуянын курмандыктарын эскерди.

Кыргыз Республикасынын премьер-министри С. Жээнбеков, КР Президенттик аппаратынын жетекчиси Сапар Исаков, Кыргыз Республикасынын ɵкмɵтүнүн Чүй облусундагы ыйгарымдуу ɵкүлү Бактыбек Кудайбергенов, мамлекеттик органдардын жетекчилери, илимий жана чыгармачыл интеллигенциянын, диний чɵйрɵнүн ɵкүлдɵрү «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комлексиндеги 1916-жылдагы кайгылуу окуянын курмандыктарын эскерүү салтанатына катышып, гүлчамбарларды коюшту.

1916-жылы курман болгондорго багышталып куран окулду. Эскерте кетсек, 1916-жылдагы Υркүн окуясынын 100 жылдыгына карата 2016-жылдын 2-августунда «Ата-Бейит» тарыхый-мемориалдык комплексинин аймагында 1916-жылдагы окуянын курмандыктарына арналып Мемориал эстелик тургузулган.

Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 18-апрелиндеги «1916-жылдагы кыргыз элинин улуттук кɵтɵрүлүшүнүн курмандыктарын эскерүү Күнүн белгилɵɵ» токтомуна ылайык, август айынын алгачкы жумасы 1916-жылдагы улуттук боштондук күрɵшүнүн курмандыктарын эскерүү Күнү катары кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий