• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Ата-Бейит” Улуттук комплексинде 1916-жылдагы Үркүндө курман болгондор эскерилди

Коом 0


Бишкек, 3-август /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-августта, “Ата-Бейит” Улуттук тарыхый-мемориалдык комплекинде 1916-жылдагы Үркүндө курман болгондорду эскерүү иш чарасына катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

“Ата-Бейит” Улуттук тарыхый-мемориалдык комплекинде 1916-жылдагы “Үркүндө” курман болгондорду эскерип, алардын эстелигине гүл коюу жөрөлгөсүнө Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчиси Сапар Исаков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Кудайбергенов, мамлекеттик органдардын жетекчилери, чыгармачыл жана илимий интелегенциянын өкүлдөрү катышты.

1916-жылдын курмандыктарына багышталып куран окулду.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын 2-сентябрында, “Ата-Бейит” Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде 1916-жылдагы “Үркүндүн” 100 жылдыгына карата, курман болгондордун эстелик Мемориалы ачылган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 18-апрелиндеги “1916-жылдагы кыргыз элинин улуттук көтөрүлүштүн курмандыктарын эскерүү күнү деп белгилөө жөнүндө” токтомуна ылайык, август айынын биринчи жума күнү 1916-жылы улуттук көтөрүлүштүн курмандыктарын эскерүү күнү катары белгиленет.

Пикир

Оставить комментарий