• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

«Ата-энени барктайлы, баалайлы, сыйлайлы» темасында сүрөт конкурсунун жыйынтыгы чыгарылды

Аймак 0

Бишкек, 13.12.21. /Кабар/. 2021-жылдын 10-декабрында Нарын облустук С.Орозбаков атындагы мамлекеттик маалымат китепканасында Адам укуктарынын эл аралык күнүнө арналган Нарын шаарынын мектептеринин 7-10-класстарынын арасында «Ата-энени барктайлы, баалайлы, сыйлайлы» темасында сүрөт конкурсунун жыйынтыктоочу этабы өткөрүлдү. Бул тууралуу Акыйкатчынын катчылыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чара КР Акыйкатчы институту тарабынан жарыяланган Адам укуктарынын бир айлыгынын алкагында өткөрүлдү.

Иш-чараны КР Акыйкатчысынын Нарын облусу боюнча өкүлчүлүгү, С.Орозбаков атындагы Нарын облустук маалымат китепканасы, «Теӊдеш» кризистик борбору, «Жаӊы ысым» коомдук уюму биргеликте уюштурду.

10-декабрь – Адам укуктарынын эл аралык күнүндө конкурстун жеңүүчүлөрүн сыйлоого арналган салтанаттуу аземде КР Акыйкатчысынын дипломдору номинанттарга тапшырылды.

Сүрөт конкурсуна шаардагы 10 мектептин 7 мектебинин окуучулары катышып, алардан 41 сүрөт келип түшкөн. Конкурсанттардын жумуштарын курамында 5 адамдан турган комиссия карап, жыйынтыгы чыгарылды.

Баш байгеге (Гран при) - Эралиев Баэл - №1 Токтогул орто мектебинин 9-классынын окуучусу;

I орунга - Алмазбек кызы Мээрим, К.Жакыпов мектебинин 10-классынын окуучусу, Канатбекова Айкөкүл №2.Чкалов мектебинин 10-классынын окуучусу;

II орунга - Нурланбекова Кулпунай, №1 Токтогул мектебинин 9-классынын окуучусу, Таалайбек кызы Альбина, №2 Чкалов орто мектебинин 10-классынын окуучусу;

III орунга - Капарова Таазим, №10 Ж.Чолпонбаев оро мектебинин 10-классынын окуучусу, Муратканова Мукадас №7.М.Сыдыков мектебинин 8-классынын окуучусу татыктуу болушту.

КР Акыйкатчысынын Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Т.Жаанбаев конкурстун катышуучуларына ыраазычылыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий