• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ата-энеси 5 жаштагы кызын табыпка дарылатып, ал оор абалда онкологияга жеткирилди

Ден соолук 0

Бишкек, 28.11.18. /Кабар/. Улуттук онкология борборуна кечээ лимфобласттык лейкоз диагнозу менен 5 жаштагы кыз келип түшкөн. Маалым болгондой, кыздын ата-энеси аны 2 жума бою “Көк Жар” конушундагы табып Хашим Зайналиевге дарылатышкан. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине аталган борбордун башчысынын орун басары Гүлнара Аманкулова кабарлады.

Анын айтуусунда, ушундай диагноз менен келген балдардын 80%ы аман калат. “Бирок эртерээк кайрылуу керек. Бул кызга оорунун башталгыч стадиясында Оштон диагноз коюшкан, ошондо ата-энеси Бишкекке келишкен. Мага кыздын кагаздарын, анализдерин көрсөтүшкөн, мен аларды эртеси күнү келип кызды жаткыруусун айткам”, - дейт дарыгер.

Аманкулова белгилегендей, ошол жолугушуудан кийин алар келбей, эки жумадай жоголуп кетишкен.

“Кечээ, 28-ноябрда кызды абдан оор абалда алып келишти. Учурда бейтаптын гемоглабини 40ка түшүп, боору жана көк боору чоңоюп кеткен. Биз кызды текшерип баштаганда, курсагындагы ийненин издерин көрдүк. Ата-энесинин айтуусунда, табып уколдорду жасаган. Бирок алар эмне уколдор кызына сайылгандыгын билишпейт. Эмне себептен алар Оштон келери менен кызды алып келишкен жок деген суроого, атасы, кызына кайра кан куйдуруу жана химиотерапия жасатууну каалагандыгын, бирок табып ал ыкмаларсыз эле кызды айыктырууга 100% кепилдик бергендигин айтты. Учурда бала абдан оор абалда жана анын айыгуусу тууралуу айтуу кыйын”, - дейт Аманкулова.

Пикир

Оставить комментарий