• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ата-энеси коронавируска чалдыккан кыз түнү менен Чүй облусуна качып келген - Исаков

Коом 0

Бишкек, 21.03.20. /Кабар/. Ата-энеси коронавируска чалдыккан кыз түнү менен Чүй облусуна качып келген. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, башкы санитардык врач Төлө Исаков билдирди.

Анын айтымында, бир айылдан экинчи айылга, бир райондон экинчи районго коноктоп досторунукуна, туугандарыныкына барууну, муктаждыгы жок жөн эле көчөгө чыгууну токтотуу зарыл. Бардык каттоолорду токтотуу керек. Алардын бардыгы ооруну алып жүрүүчүлөр болуп саналат. “Мисалга жакында мындай окуя катталды. Ата-энеси коронавирус илдетине чалдыккан кыз түнү менен Чүй облусуна качып келген. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери аны жана ал менен байланышта болгон бардык адамдарды кармады. Алардын бардыгы обсервацияга жаткырылды жана анализдер алынды”,- деди Исаков.

Министрдин орун басары белгилегендей, мындай учурда ар бир адам абалдын олуттуулугун сезип, жоопкерчилик менен мамиле жасоосу зарыл. Ал адамдар мындай жоруктары менен өзүн гана эмес, башка адамдарды да кооптуу абалга алып келип жаткандыгын түшүнүшү керек.

Эскерте кетсек, 18-март күнү Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы 3 учур Сузак районунда (Жалал-Абад облусу) катталган. Алар 12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан учуп келишкен. Коронавирус аныкталгандан кийин Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген.

Ошондой эле күн мурун, 20-март күнү өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Ноокат районунда коронавирусту жуктурган дагы үч учур катталганын билдирген. Алар Сауд Арабиясынан кичи ажылыктан учуп келишкен. Мындан улам Ноокатта өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Мындан тышкары, бүгүн 21-мартта саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков билдиргендей, дагы жаңы алты учур катталды. Алардын бешөө Сузак районунда, ал эми бирөө Баткен районунда. Бардыгы кичи ажылыктан келгендер.

Учурда Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын саны он экиге жетти.

Пикир

Оставить комментарий