• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ата-энеси Россияда. Ош-Араван каналына 8 жаштагы 2 бала чөгүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 03.09.19. /Кабар/. Ош шаарында 31-август күнү 8 жаштагы эки бала Ош-Араван каналына чөгүп кетти. Бул тууралуу Ош шаарынын ИИБнен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын Ворошилова көчөсүндө жашаган 8 жаштагы Абдуллох жана Давудбек болжол менен саат 12:00дө үйдөн чыккан бойдон кайтып келген эмес. Давудбектин сөөгү үйүнөн 1 чакырым алыстыкта балык уулап жаткан жергиликтүү тургундар тарабынан табылган. Абдуллоханын жансыз денеси 1-сентябрь күнү Давудбектин сөөгү табылган жерден 100-150 метр алыстыкта табылган.

Учурда Ош шаарынын ИИБнин кызматкерлери тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Сөөктү текшерүүдө кандайдыр бир зордук-зомбулуктун белгилери байкалган эмес. Балдар кийимчен табылган.

Тергөөнүн алдын ала маалыматы боюнча, балдардын бирөөсү каналга кулап түшкөн, экинчиси аны куткарам деп чөгүп кеткен. Давудбек менен Абдуллох эки бир туугандын балдары болгон. Абдуллохтун ата-энеси Россияда эмгектенип жүрөт.

Окуя болгондон кийин Ош шаарынын ИИБнин кызматкерлери жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий