• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ата-энесине таарынган өспүрүмдөр: Бишкекте жоголгон 2 кыз менен 1 бала башка шаардан табылды

Кырсык 0

Бишкек, 16.10.18. /Кабар/. Бишкекке жакын жерде жоголгон 3 бир тууган (эки кыз жана бир бала) Токмоктон табылды.

Милициянын маалыматы боюнча, бир тууган ага-карындаш жана алардын жакын тууганы 10-октябрда Аламүдүн районунун “Кырман” жаңы конушундагы үйүнөн чыгып кетишкен. 17-19 жаштагы өспүрүмдөр кара-көк түстөгү "Mercedes-Benz 210" үлгүсүндөгү унаага олтуруп кетишип, ошол бойдон кайтып келишкен эмес. Кийинчерээк унаа “Келечек” жаңы конушунан табылган соң, жүргүнчүлөрдү жана айдоочуну издөө башталган.

Чүй ОИИБнен кабарлашкандай ошол эле күнү жоголгон балдар тууралуу болжолдуу маалымат таратылган.

“Жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин жыйынтыгында 2018-жылдын 15-октябрында жоголгон үч өспүрүмдүн жайгашкан жери аныкталган: 18 жаштагы Султанов Ырысбек Максуталиевич, 19 жаштагы Максуталы кызы Альбина жана алардын тууганы 17 жаштагы Канат кызы Алина. Дайынсыз жоголду делген үч өспүрүм Токмок шаарынан табылышкан”, - деп билдиришти милициядан.

Алдын ала маалыматка ылайык, алар ата-энеси менен болгон чырга байланыштуу үйдөн качып кетишкен. Улам-улам жер которуп олтуруп, Токмок шаарына барып калышкан. Учурда алар туугандарына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий