• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

“Ата Мекен” фракциясы Башкы прокурордун жылдык отчетун канааттандырарлык эмес деп тапты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 06.04.18 /Кабар/. Бүгүн, 6-апрелде “Ата Мекен” парламенттик фракциясынын кезектеги жыйыны өтүп, анда Кыргыз Республикасынын башкы прокурорунун жылдык отчету каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Башкы прокурор Индира Жолдубаеванын ордуна анын биринчи орун басары Бөлөкбай Казаков башкы көзөмөл органынын 2017-жылдагы аткарган иши тууралуу маалымат берди.

Өткөн жылы прокуратура органдары жер жана шаар куруу, мамлекеттик жана муниципалдык менчик, ошондой эле ишкерлердин жана балдардын укуктарын коргоо тууралуу мыйзамдардын сакталышына көзөмөлдү күчөткөнүн айткан Бөлөкбай Казаков: “Отчеттук мезгил ичинде 9417 текшерүү жүргүзүлүп, 14607 прокурордук чара көрүү актысы киргизилди. Тартиптик жана административдик жоопкерчиликке 9670 адам тартылып, коррупциялык багыттагы 704 кылмыш иши козголду. Билим берүүнүн 6 обьектиси, саламаттыкты сактоо обьектилерине мурда таандык болгон 3 жер тилкеси, бир ат майдан, андан тышкары жалпы аянты 629 гектарды түзгөн 156 жер тилкеси мамлекетке кайтарылды”, – деди.

Ал эми эл өкүлдөрү мамлекетке чоң зыян алып келген жагдайлар иликтенбей жатканын белгилешти. Алсак, фракция төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Жогорку Нарын ГЭС каскаддарына, “Манас” аба майданындагы жүктөрдү кабыл алуу жана жүргүнчүлөргө тамак-аш жеткирүү менен алектенген "Манас Менеджмент Компани" ЖЧКсына жана Мамлекеттик резиденция тарапта жайгашкан 12 гектар жердеги 48 котедждин тегерегиндеги маселелер каралбай жатканына токтолду.

Мындан сырткары, коомчулукта прокуратура кызматкерлерине карата сын-пикир арбын экенин айткан эл өкүлдөрү башкы көзөмөл органынын ишине канаттандырарлык эмес деген баа беришти. Ошондой эле “Ата Мекен” фракциясы башкы прокурор Индира Жолдубаевага ишенбөөчүлүк көрсөтүү менен, анын ишмердүүлүгүн иликтеген депутаттык комиссия түзүү сунушун киргизүү тууралуу чечим кабыл алышты.

Пикир

Оставить комментарий