• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

“Ата Мекен” партиясы парламенттик шайлоого катышат

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 01.09.21. /Кабар/. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясына “Ата Мекен” партиясынан 28-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу тууралуу билдирүү келди.

БШКдан билдиришкендей, аталган саясий партиянын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Чынара Аблакеева, финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Динара Кулжанова дайындалды.

Буга чейин төмөнкү партиялар катыша турганын билдирген:

1. “Социал-Демократтар” партиясы;
2. “Улуттар биримдиги” партиясы;
3. “Ишеним” партиясы;
4. “Альянс” партиясы;
5. “Кыргызстандын жашылдар партиясы”;
6. “Жаратман эл” партиясы;
7. “Кыргызстандын биримдиги патриоттук партиясы” (Патриотическая партия единения Кыргызстана).

БШК Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону дайындагандан кийин 5 календарлык күндүн аралыгында шайлоого катышууну каалаган саясий партиялар Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясына катышуу жөнүндө жазуу түрүндө кабарлашы керектигин эскертет.

Саясий партиянын уставынын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү тиркелген жазуу жүзүндөгү билдирүүгө саясий партиянын жетекчиси кол коюуга жана саясий партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Жазуу түрүндө маалымдоо берүүнүн акыркы күнү – 2021-жылдын 3-сентябры, саат 18:00гө чейин.

Пикир

Оставить комментарий