• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ата-мекендик базарлар ташылып келген алтындарга толгон - Жумабеков

Коом 0

Бишкек, 26.06.18. /Кабар/. “Ата-мекендик базарлар ташылып келген алтындарга толгон. Үйлөнгөн жарандар да бири-бирине импорттук зер буюмдарын белек кылат. Бирок, өзүбүздө ошондой эле баалуу металлдар бар. Биз өзүбүздүн зер буюмдар рыногубузду өнүктүрүү менен келген туристтердин да кызыгып сатып алуусуна жетишүүбүз керек. Эгер биз азыркы абалды өзгөртпөсөк, беш жылдан кийин да ушундай боло берет”, - деп билдирди Төрага Дастанбек Жумабеков Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйында.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин Төрагасынын астындагы Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеңештин кезектеги жыйынынын күн тартибинде бир катар маселелер каралып, анын ичинде: Жогорку Кеңештин жөнгө салуучу таасирди талдоо тажрыйбасынын жыйынтыктарын жакшыртуу жана баалуу металлдарды терең кайра иштетүүнү өнүктүрүү менен зер буюмдарын өндүрүүдөгү көйгөйлөр талкууланды.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, тиешелүү министрликтердин жана мекемелердин жетекчилери, бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү катышты.

Жогорку Кеңештин жөнгө салуучу таасирди талдоо тажрыйбасынын жыйынтыктарын талкуулоо учурунда иш-чаранын катышуучулары мыйзам долбоорун ачык маалымат булактарына жайгаштыруу тажрыйбасы коомчулукту кабардар кылууга багытталганын белгилеп, бирок ага карабастан мыйзамды демилгелөө маалында жөнгө салуучу таасирди талдоого катышуучуларды чакыруу маселеси каралбай жатканына токтолушту. Бул жагдай жөнгө салууну ишке ашыруу процессине кызыкдар тараптардын дайыма эле толук кандуу катышуусуна шарт түзбөйт. Анткен менен бизнес-чөйрөнүн өкүлдөрүн тартуу аракети пикирлерди жана көйгөйлөрдү аныктоону талап кылат, тагыраагы, биринчи этаптагы жөнгө салуучу таасирди талдоо ыкмасында каралгандарга кайтууга туура келет.

Белгилей кетсек, Кеңештин мурдагы жыйындарында Жогорку Кеңештин жөнгө салуучу таасирди талдоо ишин жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана аткаруу маселеси коюлган.

Ал эми баалуу металлдарды терең кайра иштетүүнү өнүктүрүү жана зер буюмдарын өндүрүүдөгү көйгөйлөр боюнча жыйын катышуучулары беш жылдан ашуун убакыттан бери өкмөт тарабынан баалуу металлдарды өндүрүүнү мыйзамдаштыруу жана зергерлик тармакты, анын ичинде баалуу металл рыногун өнүктүрүү менен экономиканын бул секторундагы көйгөйлөрдү чечүү боюнча иштер жүргүзүлүп келгенин эске салышты.

Жыйында айтылгандай, банк секторунун демилгеси менен сатыкта алтын куймалары пайда болуп, зер буюмдарынын мыйзамдуу айланышына шарт түзүлдү. Бирок, башка маселелер чечилбеген бойдон калууда. Зер буюмдар тармагын өнүктүрүү үчүн жаңы мыйзамдык базаны иштеп чыгуу талап кылынганы менен баалуу металлдарды кайра иштетүү жана зер буюмдарын өндүрүү тармагындагы ишкерчиликти жөнгө салуучу укуктук нормаларга мониторинг жүргүзүү зарылчылыгы турат.

Төрага Дастанбек Жумабеков зер буюмдар рыногун өнүктүрүү үчүн кайсы нормативдик-укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл экендигин аныктоо максатында эки ай аралыгында иликтөө жүргүзүү керектигин билдирди.

“Ата-мекендик базарлар ташылып келген алтындарга толгон. Үйлөнгөн жарандар да бири-бирине импорттук зер буюмдарын белек кылат. Бирок, өзүбүздө ошондой эле баалуу металлдар бар. Биз өзүбүздүн зер буюмдар рыногубузду өнүктүрүү менен келген туристтердин да кызыгып сатып алуусуна жетишүүбүз керек. Эгер биз азыркы абалды өзгөртпөсөк, беш жылдан кийин да ушундай боло берет”, – деди Төрага Дастанбек Жумабеков.

Жыйындын соңунда Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеңештин мүчөлөрү бир катар сунуштарды жана чечимдерди кабыл алышты.

Пикир

Оставить комментарий