• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргыз өндүрүүчүлөр мамлекеттик колдоого муктаж – Соода өнөр-жай палатасы

Экономика 0

Бишкек, 23.04.19. /Кабар/. Кыргызстандын Соода өнөр-жай палатасында Чакан жана орто бизнести колдоо жана өнүктүрүү боюнча комитеттин отуруму болуп өттү. Бул тууралуу Соода палатанын басма сөз кызматы билдирди.

Күн тартибинде ЕАЭБ менен байланыштуу Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү, кошумча нарк салыгын кайтаруу, аткезчилик маселелери талкууланган.

Отурумдун жүрүшүндө Палатанын Салык жана бажы маселелери боюнча кичи комитетинин төрагасы Авазбек Керимбаев кошумча нарк салыгын кайтаруу маселесине токтолду.

"Учурда, бизнести ойлондурган маселелердин бири кошумча нарк салыгын кайтаруу маселеси болууда. Мамлекеттин экспортчулардын алдындагы карызы артып, тараптардын мамилелерине таасир этип жатат. Бизнес, мамлекет кошумча нарк салыгы боюнча кайтарган акча каражаттарын өз ишмердигин кеңейтүүгө жана өстүрүүгө жумшай алмак. Ал – жаңы жумушчу орундарын түзүү жана мамлекеттик казынага салык түрүндөгү каражаттар", - деди ал.

Ал эми, Салык кызматынын өкүлү Венера Ибраимова белгилегендей, учурда Кыргызстандын 14 стратегиялык ишканасынын тизмеси түзүлгөн. Алар жакын арада кошумча нарк боюнча карыздарын ала алышат. Башка экспортчу-компанияларга кошумча нарк салыгын кайтаруу маселе чечиле элек.

Ошондой эле, отурумда аткезчилик маселеси да талкууланып, айрым компаниялардын жетекчилери чыгып сүйлөштү.

Отурумдун жыйынтыгы кошумча нарк салыгын кайтаруу, ЕАЭБке байланыштуу Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү, аткезчилик маселелерин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев катыша турган алдыдагы Инвестициялык кеңештин күн тартибине киргизүү чечими кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий