• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ата мекендик спортчуларга күйөрмандык кылуу үчүн аянтка 2 миңден ашык адам келди (сүрөт, видео)

Коом 0


Бишкек, 03.08.21. /Кабар/. Бишкекте Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарына катышып жаткан ата мекендик спортчуларга күйөрмандык кылуу үчүн «Ала-Тоо» аянтына 2 миң шаардык келди.

Күйөрмандардын арасында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, жаңыдан дайындалган Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов, ошондой эле бир катар көрүнүктүү маданий ишмерлер жана инсандар келишкен.

Учурда Айсулуу Тыныбекова күйөрмандарынын ишенимин актап, украиналык атаандашын 10:0 эсебинде жеңип, финалга чыкты.

Эскерте кетсек, саат 16:30да Акжол Махмудов финалда күч сынашат.

Ошондой эле, саат 17:55те Мээрим Жуманазарова коло үчүн күрөшөт.

Мындан мурда Бишкек мэриясы «Ала-Тоо» аянтына Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарына катышкан кыргыз спортчуларынын беттештерин түз алып көрсөтүү үчүн чоң экран койгон.

Пикир

Оставить комментарий