• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ата мекендик товар өндүрүүчүлөр тарабынан чыгарылган товарларды сатып алуу боюнча анализ жүргүзүлдү

Өкмөт 0

Бишкек, 17.10.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин кызматкерлери ата мекендик товар өндүрүүчүлөр тарабынан чыгарылган товарларды сатып алуу боюнча анализ жүргүздү. Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевди анын жыйынтыгы менен тааныштырышты.

Мекеменин маалыматына караганда, учурда ата мекендик товар өндүрүүчүлөр тарабынан чыгарылган товардын 112 түрү бар. Товардык номенклатуранын 35 түрү жана кызмат көрсөтүүнүн 7 түрү боюнча жүргүзүлгөн анализдин жыйынтыгына ылайык, ушул жылдын 8 айында ички товар өндүрүүчүлөрдөн сатып алуунун үлүшү 2018-жылга салыштырмалуу 11,8% жогорулап, жалпысынан 47,8% , башкача айтканда, 23,4 млрд сомду түздү.

Азык-түлүк боюнча, ата мекендикти сүттү, суу, мөмө жемишти сатып алуу 99% түзүп, алдыда турат. Курулуш материалдарын сатып алуунун көрсөткүчү дагы жаман эмес – 90% ашык. Ал эми күйүүчү – майлоочу май жана медикаменттер негизинен чет өлкөдөн алынып келинет.

«Бул сандар рыноктогу чыныгы абалды көрсөтүп турат. Тагыраак айтканда, биз кантип иштейбиз, кантип өнүгөбүз деген маселелердин үстүндө иштешибиз керек экенин көрүп турабыз. Бул бизнес үчүн дагы жакшы багыт болот. Ишкерлер мына ушул көрсөткүчтөргө таянып, суроо-талап жогору болгон товарларды өндүрө турган жаңы ишканаларды ачса болот», – деп белгиледи премьер-министр.

Өкмөт башчы товар толугу менен Кыргыз Республикасында өндүрүлгөнүн тастыктай турган Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын сертификаты бар ишканалардан өлкө боюнча 20сы бар экенин маалымдады. 92 ишкана чийки затты гана импорттойт.

Учурда бир катар товарларды импорттолгондордун ордуна сунуш кылуу үчүн бир нече бизнес-долбоорлор иштеп баштады. Бул биметалдык радиатор чыгара турган «Кайыңды кабель заводу», кыш өндүргөн «Биримдик» заводу жана башка ишканалардын ишке киргизилиши.

Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик инвестиция программасы боюнча ири долбоорлорду ишке киргизүүдө ата мекендик ишканалардын катышуу үлүшү бүгүнгү көрсөткүчтөн дагы жогору болушу керектигин өзгөчө белгиледи.

«Мисалы, мамлекеттик инвестициянын эсебинен курулуп жаткан жолдорду салууда буюртманы чет элдик жалданма ишканалар алса, ал эми жумуштарды субподрядчик аткарат. Алар болсо, биздин эле компания жана анда иштегендер дагы биздин эле жумушчулар. Эмне үчүн биз аларга тендерди утуп алууга мүмкүнчүлүк түзүп бере албайбыз. Чет элдик жалданма компаниялар алып жаткан акчаны жумушту аткаргандар алсын», – деди Премьер-министр.

Буга байланыштуу Мухаммедкалый Абылгазиев Транспорт жана жолдор министрлигине долбоорлорду сапаттуу ишке ашырууну жогору коюу менен, ата мекендик компанияларга зарыл болгон жардамдарды берүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий