• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Ата мекендик товар өндүрүүчүлөргө 5 млрд сомдон ашык жеңилдетилген насыя берилди

Экономика 0

Бишкек, 22.11.19. /Кабар/. Ата мекендик товар өндүрүүчүлөргө 5 млрд. сомдон ашыксуммада жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу КРн Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Министрликке караштуу Бюджеттик насыяларды башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматтары боюнча, 2019-жылдын 15-ноябрына карата «Айыл чарбаны каржылоо – 7» долбоору боюнча 5 043,6 млн. сомго 9 908 жеңилдетилген насыя берилди. Анын ичинен өсүмдүк өстүрүүчүлүккө 1 116,4 млн. сомго 2834 жеңилдетилген насыя, мал чарбачылыкка – 2 614 млн. сомго 6755 жеңилдетилген насыя, кайра иштетүүгө жана айыл чарбасындагы кызмат көрсөтүүлөргө – 1 313,2 млн. сомго 319 жеңилдетилген насыя берилди.

Эске сала кетсек, аталган долбоордун алкагында коммерциялык банктардын жана финансылык-кредиттик мекемелердин финансылык каражаттары өсүмдүк өстүрүүнү, мал чарбачылыкты жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүнү өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерине жана жеке жактарына жеңилдетилген пайыздык чен (жылына 6, 8 жана 10 пайыз) менен берилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий