• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

“Ата Мекендин” тарапташтарынын митинг учурунда өлүм алдында жаткан адамды табалаганы туура эмес - КТРКнын байкоочу кеңеши

Коом 0

Бишкек, 6-март /Кабар/. КТРКнын байкоочу кеңеши “Ата Мекен” партиясынын тарапташтарынын телеканалдын алдында уюштурган митинги учурунда өлүм алдында жаткан КТРКнын башкы директору И.Карыпбековду табалаганын туура эмес деп эсептейт. Бул тууралуу КТРКнын байкоочу кеңешинин маалыматында айтылган.

“Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Илим Карыпбеков оор абалда ооруканада жатканына карабай, "Ата Мекен" партиясынын тарапташтары 2017-жылдын 1-мартында телеканалдын алдына нааразычылык митингинин учурунда өлүм алдында жаткан адамды табалаганын КТРКнын Байкоочу кеңеши туура эмес деп эсептейт.Ар бир адамдын тагдыры Кудайдын колунда, эртең эмне болорун эч ким билбейт. Мамлекеттин бүтүндүгү ар бирибиздин колубузда. Бардык иш мыйзам ченеминде жүргүзүлүшү маанилүү”,-деп айтылат билдирүүдө..

КТРКнын Байкоочу кеңеши Илим Карыпбековго тез сакайып кетишин каалап, кээ бир массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү тактап сурап жаткан анын ордуна башка адамды убактылуу дайындоо жөнүндө күн тартибинде эч кандай маселе коюлбагандыгын билдирет.

Пикир

Оставить комментарий