• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ата-Түрк паркындагы өрттөн 1,2 га куураган чөп, 15 бак күйүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 29.08.18. /Кабар/. Бишкектеги Ата-Түрк паркында кечээ, 28-августта өрт чыккан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, өрт Ата-Түрк эс алуу жайынын түштүк-чыгыш тарабында катталган.

Өрттүн кесепетинен 1,2 га куураган чөп, 15 бак жана 100 чарчы метр таштанды күйгөн.

Учурда өрттүн себептери такталууда.

Пикир

Оставить комментарий