• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

“Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы депутат Ш.Ташиевдин мандатын тапшыруу маселеси боюнча чечим кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27.01.22. /Кабар/. Депутат Шаирбек Ташиев өзү мүчө болуп турган “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясына депутаттык мандатын тапшыруу маселесин кароо боюнча кайрылды.

Мындан улам, кечээ, 26-январь күнү “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы өз жыйынында депутат Ш.Ташиевдин кайрылуусун талкуулап, республикабыздын булуң-бурчундагы шайлоочулардан Жогорку Кеңештин депутаты Ш.Ташиевдин чечимине каршы болгон кайрылуулардын келип жаткандыгын жана шайлоодо №14 Жалал-Абад бир мандаттуу шайлоо округунан 21 миңден ашуун шайлоочулардын добушун алгандыгын эске алуу менен, фракция анын мандатын тапшыруу чечимине түрткү болгон жагдайларды терең иликтөө жүргүзүү үчүн Жогорку Кеңештин төрагасына төмөндөгүдөй кайрылуу жолдоду:

“Урматтуу Талант Турдумаматович, “КР Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” мыйзамынын 11-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна жана 12-беренесине ылайык, Ш.К.Ташиевдин депутаттык мандатын тапшыруу маселесин ар тараптуу жана адилет иликтөөнү камсыз кылып берүү максатында тиешелүү чараларды көрүүнү өтүнөбүз”, – “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынын лидери Б.Төрөбаев.

Эскерте кетсек, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында иниси Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев мандатын тапшырарын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий