• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ташиев менен Келдибеков президенттик шайлоого ат салышат

Саясат 0

Бишкек, 18-июль /Кабар/. “Ата-Журт” саясий партиясы президенттикке талапкер катары Акматбек Келдибеков менен Камчыбек Ташиевди көрсөтөт. Мындай чечим бүгүн аталган партиянын съездинде кабыл алынды.

“Биз 15-октябрда өтө турган президенттик шайлоого жөн эле катышпайбыз, биз утабыз”,-деди Камчыбек Ташиев өз сөзүндө.

Партиянын съездине конок катары Адахан Мадумаров, Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков, Ишенбай Кадырбеков, Медеткан Шеримкулов, Аликбек Жекшенкуловдор катышты.

Акыркы маалыматтарга ылайык, БШКга 25 өзүн өзү көрсөткөн талапкерден, партия көрсөткөн 5 талапкерден арыз келип түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий