• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Атабек, Атахан жана Атабий. Бишкекте төрөлгөн үч эмге мамлекет 150 миң сом тапшырды

Аймак 0

Бишкек, 26.01.21. /Кабар/. 2020-жылдын 16-ноябрында Бишкекте төрөлгөн үч эм учурда Кочкор районуна караштуу Ак-Жар айылында жашап жатат.

Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, район башчысы Темирболот Абыкеев ымыркайлардын ата-энесинен кабар алып, абалын сурап келген. Ошону менен катар эле Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын атынан 15 миң сом жана мамлекет тарабынан 150 миң сом тапшырды.

Үч эмдин ата энеси Нургазы уулу Жакшылык жана Нурбек кызы Кылымкан уулдарына Атабек, Атахан жана Атабий деген ысым ыйгарышкан.

Пикир

Оставить комментарий