• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Атай Өмүрзаков жана анын “Адеми” тобу россиялык “Чи-Ли” тобунун клибине тартылышты

Маданият 0

Бишкек, 20-апрель /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Атай Өмүрзаков жана анын “Адеми” бий тобу россиялык “Чи-Ли” тобунун клибине тартылышты. Бул тууралуу А.Өмүрзаков Facebook баракчасында билдирди.

Анын айтымында, клип “Одной крови” ырына тартылган. Кечээ клиптин бет ачары болду.

Ошондой эле, “Чи-Ли” тобунун солисти Ирина Забияка соцтармактарда балдардын талантын белгилеп өткөн.

“Биздин видеоклипте өзгөчө балдар тартылышты. Атай Өмүрзаков жана анын “Адеми” жамааты – заманбап бийлер боюнча дүйнөнүн 2 жолку чемпиону, Чехиядагы таланттар шоу долбоорунун жеңүүчүлөрү, чыгармачыл ишмердиги үчүн бүткүл дүйнөлүк “Оскардын” ээлери, ошондой эле, “Британия таланттарды издейт” шоусунун катышуучулары”, - деп жазган ал.

«Чи-Ли” – россиялык музыкалык топ. 2005-жылы негизделген. Топтун туулган күнү 2006-жылдын 18-сентябры (алгачкы дебюттук альбомунун бет ачары болгон күн). Жамааттын алмаштыргыс солисти Ирина Забияка болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий