• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери Үсөнбек Ниязбековго ок түз атылган

Коом 0

Бишкек, 13.08.19. /Кабар/. "Альфа" атайын даярдыктагы бөлүктүн башчысынын орун басары Үсөнбек Ниязбековго ок түз атылган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Орозбек Опумбаев билдирди.

УКМКнын башчысынын айтымында, анын үй-бүлөсүнө ири өлчөмдөгү кенемте берилди.

"Биз анын үй-бүлөсүнө жардам беребиз. Аны жана башка кызматкерлерди "Эрдик" сыйлыгына көрсөтөм", - деди ал.

Эскерте кетсек, 7-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуп, 40тан ашык киши ар кандай жаракат алган.

Аны менен катар Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынын башчысы Самат Курманкулов башынан жаракат алган.

Кийинки күнү, 8-август күнү кечинде Атамбаев кармалган. Биринчи май райондук соттун чечими менен ал УКМКнын тергөө абагына 26-августка чейин камакка алынган.

Пикир

Оставить комментарий