• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Атайын эсепке кезектеги акча төлөмдөрү которулду - УКМК

Коом 0

Бишкек, 27.08.18. /Кабар/. Коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн акча үчүн ачылган атайын эсепке кезектеги акча каражаты которулду, - деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы.

"2018-жылдын 27-августунда КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул жылдын 22-июнундагы № 298-токтомуна ылайык КР Каржы министирлигинин Бирдиктүү депозиттик эсебине кезектеги акча төлөмдөрү 2,1 млн сом өлчөмүндөгү акча каражат которулду", - деп айтылат маалыматта.

КР УКМК коррупцияга каршы күрөшүү багытындагы ишмердүүлүгүнүн алкагында мамлекетке кайтарылган каражаттардын жалпы суммасы 143,6 млн сомду түздү.

Пикир

Оставить комментарий