• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Атайын эсептен Жаабарс үчүн "Бугу Эне" фондуна 50 миң сом которулду

Коом 0

Бишкек, 16.04.20. /Кабар/. Атайын эсептен Таласта кармалып, Бишкекке алынып келген ак илбирс – Жаабарс үчүн "Бугу Эне" фондуна 50 миң сом которулду. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, 9-январь күнү Таластын Көк-Ой айылында жарадар болгон ак илбирс табылган. Кийинчерээк жаныбар Бишкекке алынып келген. Бишкекте ак илбирс рентгенге түшүрүлүп, рентген сүрөтү анын баш бөлүгүндө 70 майда ок бар экенин көрсөткөн. Ага операция жасалып, жалпы 18 чачма ок алынган.

Ал ак илбирске Чыңгыз Айтматовдун "Тоолор кулаганда" романында айтылган ак илбирс – Жаабарстын аты коюлган.

Пикир

Оставить комментарий