• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Атайын комиссия Ош базарындагы өрттү иликтейт

Коом 0

Бишкек, 30.01.18. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Ош базарындагы өрттү изилдей турган атайын комиссия түзүлдү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын өрт көзөмөл башкармалыгынын жетекчиси Таалайбек Өмүрбеков билдирди.

Анын айтымында, жеринде тегерек-четти тазалоо иштери жүрүүдө.

“Бардык конструкциялар ирээттелип, дагы өрт чыгып кетпеши үчүн суу куюлууда. Иликтей турган атайын комиссия түзүлдү”,-деп билдирди ал.

Ал кошумчалагандай, өрттүн келип чыгуу себеби азырынча белгисиз.

ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, өрт чектөөө алынган, бирок өчүрүлө элек. Учурда жеринде 12 өрт бөлүмү иштөөдө.

Эске сала кетсек, бүгүн Бишкектеги Ош базарында болжол менен саат 10дор чамасында өрт чыккан, анын кесепетинен эки адам ууланып ооруканада.

Пикир

Оставить комментарий