• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Атайын түзүлгөн комиссия Ош базарындагы өрттөн жабыркаган сатуучулардын тизмесин түзөт

Коом 0

Бишкек, 14.04.18. /Кабар/. Ош базарынын аймагындагы “Берекет” соода базарындагы өрттөн жабыркаган сатуучулардын тизмесин түзө турган ведомстволор аралык комиссия түзүлдү.

Ленин райондук администрациясынын маалыматы боюнча, өрттөн жабыркаган сатуучулар менен райондун акими Нурдин Тынаев жолугушкан.

Жолугушууга ошондой эле Ленин райондук ИИБнин, КР ӨКМдин өрткө каршы кызматынын, Салык кызматынын адистери жана "Берекет" базарынын жетекчиси Рафкат Момункулов катышкан.

Иш-чаранын жыйынтыгында аким тарабынан кырсыктан жапа чеккендердин тизмесин түзүү жана документтерди чогултуу боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүү чечими кабыл алынган.

Эске сала кетсек, Бишкектеги Киев жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Ош” базарынын айланасындагы “Берекет” соода базарында 2018-жылдын 13-апрелинде өрт чыккан. ӨКМ кызматына өрт тууралуу билдирүү болжол менен саат 03:50 чамасында түшкөн.

“Тартылган күчтөрдүн жардамы менен өрт саат 7:40 чамасында чектөөгө алынып, кечки саат 19:46да толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн болжолдуу аянты 5412 м2 түзгөн. Келтирилген чыгым жана кырсыктын себеби такталууда, атайлап өрттөлгөн деген божомолдор да каралууда”,-деп билдиришти ӨКМден.

Пикир

Оставить комментарий