• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Атактуу актриса Бакен Кыдыкееванын 100 жылдыгын утурлай сүрөт көргөзмө уюштурулду

Маданият 0

Бишкек, 28.03.23. /Кабар/. Бүгүн, 28-март күнү Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында таланттуу актриса Бакен Кыдыкееванын 100 жылдыгын утурлай китепкана тарабынан уюштурулган сүрөт көргөзмөнүн ачылышы өттү.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага министрликтин өкүлдөрү, Бакен Кыдыкеева атындагы Мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын директору Таалайбек Тургунов баштаган театрдын артисттери, жаштар катышты. Алар атактуу актрисанын өмүр жолун, кыргыз театр өнөрүндөгү өчпөс ордун эскеришти.

Эске салсак, СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Бакен Кыдыкеева 1923-жылы 20-октябрда Чүй облусундагы Төкөлдөш айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.

Чыгармачылык жолун 1936-жылы Жаш көрүүчүлөр театрынан баштап, Лопе де Веганын "Койлуу булак" драмасында Лауренсиянын ролун аткарып, сахнага 13 жашында чыккан. Кино жаатына биринчилерден болуп 1955-жылы кыргыздын алгачкы толук метраждуу "Салтанат" тасмасына башкы ролду ойноп тартылып, аралашкан.

Пикир

Оставить комментарий