• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Атактуулар жайкы эс алууну кантип өткөрүшөт?

Аналитика 0

Эмгекти сүйгөн адам, эс алууга да убакыт таба билиши керек .Калың журтка белгилүү эмгекчил замандаштарыбыз бул жайда кайсы жактарга барып, кандайча эс алышарын сурап өттүк.

Талантуу алып баруучу Нурзат Токтосунова жаратылыш койнунда эс алууну жактырат. Учурда ал жолдошу менен Жети-Өгүздүн Көк-Жайык жайлоосунда эс алып жатканын билдирди.

Нурзат Токтосунова:

- Жайлоого келгенибизге бир нече күн болуп калды, негизи биз жаратылыш койнунда тынч, телефондорубузду өчүрүп коюп, интернеттен оолак болсокбу дегенбиз бирок, болбой жатат, бул жакта да интернет тартат экен . Азыр жайлоонун эң болуп турган учуру, карагай, балатылар чаңдашып жатыптыр, бул жанга абдан жагымдуу, ден соолука пайдалуу дешти. Азыр жолдошум экөөбүз карагайларды аралап сүт, кымыз ичип жакшы эс алып жатабыз. Негизи биз эс алууга чыгаарда алдын ала пландап ошого жараша чакыруулардан баш тартып даярданабыз, башкалардай болуп жылдап айлык эс алууну күтпөйбүз деле жолубуз бош. Азыр жайдын башталышы да, башка чет жакка да чыгып эс алып келсек деген да ойлорубуз бар. Бирок, кайсы өлкөгө барарыбызды азырынча чече элекбиз.

Ал эми Россиянын “Голос” долбоорунда обон созуп, бүтүндөй Кыргызстанды дүңгүрөткөн ырчы Кайрат Примбердиев Россияга концерт берип, кошумча эс алганга да жетишкен.

Кайрат Примбердиев:

- Биз жакында эле эс алып келдик. Россиянын Калуга облусунда концерт коюп, андан соң бир нече күн эс алып кайттык. Ошондой эле, жайкысын башкалардай эле Ысык-Көлүбүзгө барып эс алабыз. Негизи бул жайда көп эс албай эле иштейин деп жатам.

Ал эми эң шайыр долбоор “Тамашоунун” негиздөөчүсү Эрмек Нурбаев жайкы эс алууну алдын ала пландап жаткан учуру.

Эрмек Нурбаев:

- Бизде жайында деле жумуш боло берет, токтоп калбайт. Бирок эс алууга да убакыт табабыз. Азыр орозо учурунда үйдө эле эс алып жатам. Орозо бүткөндөн кийин ата-энебиз менен чогуу көлгө барып келсек дегем. Анан буюрса июль айында досторубуз менен бир эки жумага Америкага барып эс алып келсекпи деп жатабыз. Эс алуу мыкты деңгээлде болушу үчүн туура компанияны тандоо жетиштүү болот го дейм. Анын үстүнө жакшы дос-санаалаштар менен чогуу эс алууга эмне жетсин.

Ал эми ырлары хитке айланган таланттуу, эмгекчил ырчы мырза Нурлан Насип быйыл эс албайм, иштейм дейт.

Нурлан Насип:

- Быйыл биз дүйнөнүн 23 өлкөсүн кыдырып концерт берип, аны менен катар эс алып да келдик. Жетишеээрлик энергия топтоп алдым десем болот. Чет жактан көптөгөн жаңы идеяларга байып келдим. Эми чыгармачылыктын үстүндө иштеп жаңы чыгармаларды элиме тартуулайын деп турам.

Ал эми спортчулар үчүн жайкы эс алуу деген болбойт. Бул тууралуу кыргыз спортунун жылдыздары Калыбек Жолчубеков жана Айсулуу Тыныбекова төмөндөгүлөргө токтолду.

Калыбек Жолчубеков:

- Биз эс албайбыз, жайкы машыгууларга басым жасайбыз. Дегеле, кышы-жайы машыгуулар токтобойт. Азыркы тапта да көлдө машыгууда жүрөбүз, жакында Сочи шаарына барабыз. Андан соң июлда Польшада эл аралык мелдеш , ага улай эле Парижде Дүйнө биринчилиги болот. Ушул мелдештерге даярданып жатам. Биз үчүн чындыгында үй-бүлөөбүз менен эс алганга такыр мүмкүнчүлүк жок, машыгууларды токтотууга болбойт.

Айсулуу Тыныбекова:

- Учурда көлдө машыгуудабыз, бизде жайкысын эч ким эс албайт. Машыгуулар күчөтүлгөн тартипте өтөт. Эс алат деген чындыгында бизге туура келбей калат. Азыр эки маал машыгып августта өтүүчү Дүйнө чемпионатына кызуу даярдык көрүүдөбүз.

Даярдаган: Нурпейил Сагынбекова

Пикир

Оставить комментарий