• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Атамбаев 7-апрелге чейин камакта кала турган болду

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.02.21. /Кабар/. Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев 7-апрелге чейин камакта кала турган болду. Бул тууралуу агенттикке Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн айыпталуучу Атамбаевдин жактоочулары С.Слесарев жана З.Жоошев Атамбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүчүн билдиришти.

Сот отурумдун катышуучуларынын процессуалдык көз карашын угуп, аталган өтүнүчтү четке какты жана КР КПКнын 247-беренесине ылайык, соттук териштирүүнүн мөөнөтүн узартып, айыпталуучуну 2021-жылдын 7-апрелине чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды.

Ошондой эле жактоочулар Атамбаевге карата кылмыш ишин башка өндүрүшкө бөлүү тууралуу өтүнүч келтиришти. Сот аталган өтүнүчтү да четке какты.

Жыйынтыгында айыпталуучу Атамбаевдин оорусуна байланыштуу сот жыйыны 2021-жылдын 18-февралы саат 14:00го жылдырылды.

Пикир

Оставить комментарий