• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Алмазбек Атамбаевдин Брюсселдеги билдирүүсүнө эски элита эмнеге чычалады?

Коом 0

Алмазбек Атамбаевдин Брюсселдеги билдирүүсү коомчулукта чоң резонанс жаратты. Негизи Кыргызстандын Президенти мурда айтып жүргөндөрүн кайталап айтты. Бирок, Атамбаев элдин көңүлүндөгү актуалдуу маселелер боюнча өз позициясын Евробиримдиктин жогорку өкүлдөрүнүн көзүнчө айтканы менен кызыгууну жаратты. Баарынан мурда кыргызстандыктарды кийинки президент ким болот, 2017-жылдын күзүндө шайлоо кандай өтөт деген суроолор кызыктырууда. Алтургай президенттик кызматка талапкерлер А.Атамбаевдин мураскоруна каршы биргелешип күрөшүү тууралуу да кеп кылып жиберишти. Ал эми президент мураскер калтырбасын айта берип чарчагандай деле болду окшойт.

Аталган меселе Евробиримдиктин жетекчилигин да кызыктырууда. Бул тема А.Атамбаевдин Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск менен жолугушуусунда да негизги маселелерден болду. “Сиз кийинки президент жана сиздин мураскоруңуз ким экенин билет чыгарсыз?”, - деп сурады Дональд Туск.

Алмазбек Атамбаев билбестигин айтты. “Шайлоо быйыл ноябрдын үчүнчү жекшембисинде болот. Бирок, жаңы президент ким болорун билбейм”,-деди А.Атамбаев.

Эмне үчүн бул маселе мынчалык актуалдуу? Анткени, бул тема Кыргызстандын азыркы саясый элитасынын аң-сезимин ээлеп алган, анан ал чет элдик элчиликтердин кеңселеринде кеп болду да. Мурдагы режимде калыптанган саясый күчтөр, саясатчылар башкача ойлоно алышпайт. Алар Атамбаев кызматынан жөн эле кетип, ордун жаңы шайланган президентке татыктуу өткөрүп берерин элестете алышпайт. Бул азыркы саясатчылардын оюн эрежелерине кирбейт. Бул мырзалардын эчак эле көздөрүн май басып калган, алар өлкөдө болуп өткөн жана болуп жаткан процесстерди көрбөйт. Ал эми өлкөдө коомдук ой-пикирде тектоникалык алга жылуулар болуп, ал элдин ой-пикирин да өзгөрттү. Жарандар мурдагы саясый стереотипти кабыл албайт, ал эми белгилүү бир топтор мамлекетти эскиче башкарууга дагы деле жанталашып жатышат. Алар популизм, алдамчылык менен гана алектенишип, мамказынаны өз кызыкчылыктарына колдонуп калууга жан үрөшүүдө.

Мисалы, апрель революциясынан соң бакиевдик жаналгычтардын колунан каза тапкандарды жерге берип, эл кан жутуп жатса, айрым Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү өлкөнүн каржы ресурстарын гана эмес, качкын бакиевдердин да мүлкүн ээлеп калуу аракетин көрүшүп мародерлук кылышкан.

Мына ушундай саясатчылар өлкөнү өнүктүрө алышабы? Алар жеке амбициясын, өзүмчүлдүгүн таштай алышабы? Анте алышпайт. Кеп “бүкүрдү мүрзө гана түзөйт” дегенде эмес, бул саясатчылар өздөрүнө ушунчалык вирустарды топтошкон дейсиң – 20 жыл бою Акаев, Бакиев өңдүү монстр болуп бүтүшкөн.

Атамбаев ал саясатчыларды жакшы билет жана алар өлкөгө канчалык коркунучтуу экенин түшүнүп турат, ошон үчүн Евробиримдикке сапарында алар тууралуу айтты. “Кыргызстандын элитасы тезирээк жаңырышын тилейбиз. Бир топ ич күйдү саясатчыларды жыл аягында өзүм менен кошо ала кетем деп ойлойм”, -деди А.Атамбаев.

Президент А.Атамбаев кимдер тууралуу айтып жатса, так ошолордун буга куйкасы курушту. Алар президенттин сөзүн бурмалоого киришти. Бир сөз менен айтканда, ызы-чуу түшүп жатып калышты. Шварцтын белгилүү “Дракон” пьесасында “Биз бардыгыбыз өзүбүздүн желебизге өзүбүз чырмалып калдык” дейт Бургомистр оор улутунуп. Анын сыңарындай, биздин саясатчылар өздөрүнүн желесине өздөрү чырмалышып калышты. Ага карабай башкаларды да тартууга аракет кылышууда. Бул алиги атактуу пьесада так айтылган: “Булар эл эмес. Булар элден чыккандар. Шаардын мыктылары ушуларбы...”

Автор Айбек Султанов

Пикир

Оставить комментарий