• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Атамбаев Афганистандын вице-президенти менен жолукту

Президент 0


БИШКЕК, 24.08.17. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-августта, Афганистан Ислам Республикасынын Вице-президенти Мохаммад Сарвар Даниш менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Афганистандын ортосунда эки өлкө элдеринин ортосундагы тарыхий жана маданий байланыштарды эске алуу менен жана аймактагы ири инфраструктуралык, энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу контексинде түрдүү тармактарда кызматташуну өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев Афганистандын Вице-президентине ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча Форумга катышуу үчүн Кыргызстанга келгендиги үчүн ыраазычылык айтып, бул форум ак илбирс мекендеген өлкөлөрдүн жаратылышын сактоо маселелерине көңүл бурууга көмөктөшөөрүн белгиледи.

Афганистандын Вице-президенти Мохаммад Сарвар Даниш Президент Алмазбек Атамбаевге Афганистандын Президенти Ашраф Ганиден салам айтып, жакшы каалоо-тилектерин жеткирди. Афган делегациясы үчүн ак илбирсти сактоо боюнча Форумга катышуу – зор сыймык экендигин белгиледи. “Биз Форумдун ишине зор кызыгуу менен катышып жатабыз”,- деди ал.

Мохаммад Сарвар Даниш ошону менен бирге Кыргызстанда Президенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүп алууну каалады. “ Сиз Президент болгон мезгилдеги орун алган жакшы процесстер Кыргызстандын гана тарыхында калбастан, аймактагы көптөгөн өлкөлөрдүн тарыхында дагы сакталып калат”, -деди Афганистандын Вице-президенти.

Жолугушууга Афганистандын Айлана чөйрөнү коргоо боюнча улуттук агенттигинин башкы директору Мустафа Захер менен Афганистандын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Мохаммед Исса Месбах дагы катышышты.

Пикир

Оставить комментарий