• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Атамбаев ак илбирс байырлаган өлкөлөрдүн лидерлерин мульти өлкөлүк долбоорду түзүүгө чакырды

Президент 0

Бишкек, 25.08.17 /Нуркыз Сабырова – Кабар/. КР Президенти Алмазбек Атамбаев ак илбирсти жана анын экотутумун сактоо боюнча “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан форумда ак илбирс байырлаган өлкөлөрдүн лидерлерин жана тиешелүү ведомстволорунун жетекчилерин бул түрдү сактап калуу боюнча комплекстүү долбоорду түзүүгө чакырды

“Учурдан пайдаланып ак илбирс байырлаган өлкөлөрдүн лидерлерин жана тиешелүү ведомстволорунун жетекчилерин бул форумда ак илбирсти, анын ландшафттык аймагын жана экосистемасын сактоо боюнча Глобалдык фонддун каржылык колдоосунда мульти өлкөлүк долбоорду киргизүүнү талкуулоого чакырам”, - деп үндөдү президент.

Ал мындай долбоор ак илбирс байырлаган 12 өлкөнүн аракеттерин бириктирерин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий