• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Атамбаев акын, жазуучу жана чыгыш таануучу Бронтой Бедюровду кабыл алды

Президент 0


Бишкек, 26-июль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденцияда жакында эле өз ишин жыйынтыктаган «Алтай цивилизациясы жана алтай тектүү элдер” эл аралык форумуна катышуу үчүн өлкөбүзгө келген акын, чыгыш таануучу, Алтай Республикасынын эл жазуучусу Бронтой Бедюровду кабыл алды. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тили, маданияты жана тарыхы окшоштугун эске алуу менен, кыргыздар менен Алтай элдеринин ортосунда маданий-гуманитардык тармактагы байланыштарды мындан ары активдештирүүнүн мааниси белгиленди.

Президент Алмазбек Атамбаев менен Алтайдын эл жазуучусу Алтая Бронтой Бедюров Алтай цивилизациясы идеясы тууралуу пикир алмашып, аны биргелешип алга жылдыруу боюнча пландарды белгилешти, алтай тектүү элдердин тилдеринин өз ара байышынын маанисин баса белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий