• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Атамбаев Алмаз Усеновду кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 02.09.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 2-сентябрда, Аппарат Жетекчиси Алмаз Усеновду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда мамлекеттик органдар менен тыгыз өз ара аракеттенишүү аркылуу түрдүү багыттардагы өлкөдөгү стратегиялык милдеттерге тиешелүү Президенттин тапшырмаларынын аткарылышынын жүрүшү талкууланды.

Мамлекет башчысы Аппарат Жетекчиси менен 2040-жылдарга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясын иштеп чыгуу боюнча иштин жүрүшүн дагы талкуулады.

Президент Алмазбек Атамбаев түрдүү тармактардагы маанилүү долбоорлорду өз мөөнөтүндө жана сапаттуу ишке ашырууну тиешелүү көзөмөлгө алып, аткарылышын камсыз кылуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий