• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Атамбаев: Алтай жана Хакасия Манас менен Барсбектин айкелин тургузууга уруксат бербей койгон

Президент 0

Бишкек, 20-июль /Кабар/. Алтай жана Хакасия республикаларынын жетекчилиги үч жыл мурда Манас менен Барсбектин айкелин тургузууга уруксат бербей койгон. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев Бишкекте өтүп жаткан «Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер» форумунда билдирди.

«Эмне үчүн ушундай болду? Анткени энесай кыргыздары - алтайлыктар менен хакастарды Ала-Тоо кыргыздарына каршы койгон бөлүп-жарган замандын кесепети азыр да калыптыр. Бул үчүн айрым советтик окумуштуулар ар кандай жалган илимий теорияларды да ойлоп чыгышкан», - деди президент.

Атамбаевдин пикиринде, илгерки замандын эски калдыктары – ишенбөөчүлүк, шектенүүчүлүк дагы эле жергиликтүү бийликтердин кабинеттеринде өкүм сүрүүдө. Тарыхтан жана тарыхый эстеликтерден коркпош керек. Маңкурттук менен тарыхты бурмалоодон коркуш керек.

Кыргыз президенти Алтай элдери мамлекет тарабынан өзгөчө мамилеге жана камкордукка муктаж экенин билдирип, алар өз тилин, тарыхын, ата-бабаларын билүүгө акылуу, бул үчүн бардык шарт түзүлүшү керек. Бул Россиянын имиджи.

«Энесай кыргыздарынын тукуму болгон алтай элдери тарыхтын оор сыноолоруна туш болгон. Кыргыз Каганаты кыйрап, мамлекеттүүлүк жок болгондон кийин Алтайда жана Энесайда калган кыргыздар көп кылым бою согуштарды, баскынчылардын эзүүсүн, кыргындарды жана ассимиляцияны башынан кечирген», - деп эскерте кетти Атамбаев.

Пикир

Оставить комментарий