• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Атамбаев америкалык ишкерлерди Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды

Президент 0

Бишкек, 22.09.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 21-сентябрда Нью-Йоркко иш сапарынын алкагында америка-кыргыз ишкерлер кеңешинин уюштуруучулары жана бир катар америкалык ири компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу КР Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

АКШнын биринчи ишкерлер миссиясынын июль айында Кыргызстанга жасаган сапарынын алкагында өткөрүлгөн диалогдун уландысы болгон жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы америкалык компаниялардын өкүлдөрүнүн өлкөдө чет элдик ири инвесторлорго шарттарды түзүү боюнча көрүлүп жаткан чараларга тиешелүү суроолоруна жооп берди.

Ишкерлер кеңешинин төрагасы Томас Файерстоун Президент Алмазбек Атамбаев менен учурашып, Кыргызстанга жасаган алгачкы ишкердик миссияны жылуу сезим менен эскерди. Америкалык компаниялардын өкүлдөрү өлкөдө ишкерлерге ыңгайлуу шарттар түзүлүп, Кыргызстандагы чет элдик инвесторлордун ишеними сезилерлик артып, ишкердик активдүүлүгү жогорулап жаткандыгын белгилешти.

Суроолорго жооп берип жатып Президент Алмазбек Атамбаев акыркы жылдары жүргүзүлгөн реформалардын жыйынтыгында бизнес Кыргызстанга ишеним артып, өлкөгө инвестиция сала баштагандыгы баса белгиледи. “Биз Кыргызстанды бизнес үчүн бейишке айландырабыз деген максат койдук. Эми Кыргызстанда бизнести салык кызматы гана текшере алат. Салыкты максималдуу төмөндөттүк, бизнес максималдуу корголгон”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы салыктын төмөндүгүнө гана эмес, Евразиялык экономикалык бирликтин жана Европа союзунун өлкөлөрүнө товарларды пошлинасыз жеткирүү мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу дагы өлкөнүн артыкчылыктарына өзүнчө токтолду. Ушуга байланыштуу Президент өлкөнүн айыл чарба тармагынын келечеги кең экендигин баса белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөдөгү бардык процесстердин ачыктыгын арттыруу, мамлекеттик органдардын коом, жана бизнес алдында отчеттуулук системасын чыңдоо, жарандык секторду өнүктүрүү, санариптик экономиканы куруу боюнча жумшап жаткан күч аракетке өзгөчө токтолду. Президенттин ою боюнча бул чаралар өлкөгө ири инвесторлордун келишин үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылат. «Бизнес саясаттан тышкары болууга тийиш, бир дагы экономикалык долбоор саясатташпашы керек»,-деди Алмазбек Атамбаев. – Азыр Кыргызстанга инвестиция салуунун мезгили».

Маалымдама: Президент менен жолугушууга 2016-жылы түзүлгөн Америка-кыргыз ишкерлер кеңешинин мүчөсү болгон «Baker & McKenzie LLP», «General Electric», «AGCO Corporation» компанияларынын, ошондой эле "Coca-Cola", "Сiti", "Oppenheimer&Со, Inc", "Visa Inc", "Microsoft", "White 64", "AES", "John Deere" сыяктуу ири компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий