• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Атамбаев америкалык ири компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 11-июль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 11-июлда, катарына бир катар америкалык ири компанияларынын өкүлдөрү кирген биринчи ишкерлер өкүлдөрүнүн миссиясы менен жолугушту. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы АКШнын биринчи ишкерлер миссиясынын салабаттуу өкүлдөрүн жылуу кабыл алып, өнүккөн өлкөнүн бизнеси жана жеке инвесторлору Кыргызстан менен кызматташууга кызыгуу өсүп жаткандыгын ырастап, өлкөгө сапар чегип келгендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев өз секторлорунда лидер болуп саналган жана жакшы атка конгон, түрдүү чөйрөдө кызматташуу жана өз ара пайдалуу долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу боюнча бай тажрыйбага ээ америкалык компаниялардын өкүлдөрү менен түз байланыш түзүүнүн маанисин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы суроолорго жооп берип жатып, бизнес жүргүзүү жана бардык процесстердин ачык-айкындыгын камсыз кылуу үчүн өлкөдө көп иштер жасалып жаткандыгын баса белгиледи. “Кыргызстан бизнес үчүн бейишке, таза жана ачык иштеп, инвестиция жумшап, чоң акчаларды табууга боло турган эркин өлкөгө айланып баратат”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Президент трансулуттук компаниялардын өкүлдөрү менен эки өлкөнүн ишкерлер чөйрөсүнүн ортосунда Кыргызстандын Евразиялык мейкиндиктеги интеграциялык процесстерге катышуусунун жана Европа союзу тарабынан өлкөгө ыйгарылган ВСП+ преференциялар көбөйтүлгөн статусунун аркасы менен жетишкен мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен, өз ара аракеттенишүүнүн жана байланыштарды активдештирүүнүн келечегин талкуулады.

Маалымдама: Президент менен жолугушууга 2016-жылы түзүлгөн Америка-кыргыз ишкерлер кеңешинин мүчөсү болгон «Baker & McKenzie LLP», «General Electric», «AGCO Corporation» компанияларынын, ошондой эле «Coca-Cola», «Visa Inc», «AES», «John Deere» сыяктуу трансулуттук компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий