• 84.8
  • 101.16
  • 1.14

Атамбаев Ангела Меркелди куттуктады

Президент 0

Бишкек, 26.09.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдуу канцлери Ангела Меркелди анын партиясы – Германиянын Христиан-демократиялык союзунун Бундестагка шайлоолордо жеңишке жетишкендигине байланыштуу куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

“Сиздин партиянын жеңиши Сиз тандап алган саясый жана социалдык-экономикалык багытты германия эли колдой тургандыгынын ачык-айкын белгиси болуп саналат. Сиздин жетекчилигиңиз алдында Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтү өлкөнү мындан ары туруктуу өнүктүрүү боюнча өз ишмердигин ийгиликтүү уланта берет деп ишенем.

Кыргыз Республикасы кыргыз-германия өз ара пайдалуу кызматташуусун мындан ары кеңейтүүгө абдан кызыктар экендигин ырастайм”, -деп белгиленет Мамлекет башчысынын куттуктоосунда.

Кыргызстандын Президенти Федералдуу канцлерге чың ден соолук жана мындан аркы ийгиликтерди, достук мамиледеги Германия элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Пикир

Оставить комментарий