• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Атамбаев Астанада Мирзиёев менен жолукту

Саясат 0


Астана, 9-июнь /Салтанат Абдраева - Кабар/. Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Астанада ШКУ мүчө мамлекеттеринин башчыларынын жыйынынын алкагында Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев менен жолукту.

Бүгүн Астанада ШКУ өлкөлөрүнүн башчыларынын кезектеги жыйыны өтүп жатат.

Саммитке өлкө башчылар: Казакстан – Нурсултан Назарбаев, Кыргызстан – Алмазбек Атамбаев, Кытай – Си Цзиньпин, Россия – Владимир Путин, Тажикстан – Эмомали Рахмон, Өзбекстан – Шавкат Мирзиёев, ошондой эле, Уюмдун ондон ашык байкоочу өлкөлөрүнүн жана өнөктөштөрүнүн башчылары катышууда.

Ошондой эле, Кыргызстандын Президентинин Чехиянын президенти Милош Земан менен жолугушуусу күтүлүүдө. Мындан тышкары, А.Атамбаев бардык президенттер менен бирге Астанадагы EXPO-2017 көргөзмөсүнүн ачылышына катышат.

Фото Султан Досалиевдики

Пикир

Оставить комментарий