• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Атамбаев Астанада ШКУ саммитине катышты

Президент 0

Бишкек, 9-июнь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 9-июнда Казакстан Республикасынын Астана шаарына жасаган жумушчу сапарынын алкагында Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө мамлекет башчыларынын Кеңешинин кеңири чөйрөдөгү кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жыйында сүйлөгөн сөзүндө Президент Алмазбек Атамбаев Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевге меймандостугу жана жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, жыйындын бардык катышуучуларына салам айтып, боордош Казакстан элин ачыла турган «ЭКСПО-2017» көргөзмөсүн жакшы уюштурушу менен куттуктады.

«Бүгүнкү саммит ШКУнун өнүгүү тарыхындагы жаңы баракты ачат. Биз Индия Республикасын жана Ислам Пакистан Республикасын ШКУнун толук кандуу мүчөлүгүнө кабыл алуунун жыйынтыктоочу учуруна келдик. Кыргызстан Индия менен Пакистанды кабыл алуу жол жобосунун аякташы жана аларга ШКУнун мүчө мамлекетинин статусун ыйгаруу тууралуу бүгүнкү чечимдерге кол коюуну колдойт.

Мен Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Моди мырзаны жана Ислам Пакистан Республикасынын Премьер-министри Наваз Шариф мырзаны ушул маанилүү окуя менен чын дилимден куттуктайм”,-деди Президент.

Алмазбек Атамбаев ШКУнун алкагы кеңейиши менен бирге Уюмдун алкагында чогуу иштеш үчүн жаңы саясый жана экономикалык шарттар калыптана баштаарын белгиледи.

Уюмдун иштерин жаңы шарттарга карата ыңгайлаштыруу, перспективалуу пландарга толуктоолорду киргизүү маселеси алдыңкы планга чыга баштайт.

“ШКУнун ишмердигинде коопсуздук тармагындагы кызматташуу негизги багыттардан болуп кала бериши зарыл деп эсептейм. Аймакта тынчтыкты жана туруктуулукту сактап туруу, “каргашалуу үч күчкө” каршы туруу көңүлүбүздүн борборунда кала берүүгө тийиш.

Бул багытта мамлекеттерибиздин ортосунда кызматташуунун механизмдерин өркүндөтүү керек.

Жакынкы Чыгыштагы абал татаалдашып жатышы терроризмдин, сепаратизмдин жана экстремизмдин, баңги заттарынын мыйзамсыз айланышынын жана трансчек арадагы уюшкан кылмыштуулуктун өсүшүнө алып келүүдө.

Албетте, ШКУ өлкөлөрү үчүн Афганистандагы аскердик-саясий кырдаалдын татаалдыгы олуттуу коркунуч жаратууда”,- деди Мамлекет башчысы.

Радикалдуу экстремизмдин идеологиясын таркатуу, ИГИЛди жана башка террористтик уюмдарын ШКУ мүчө мамлекеттеринин жарандарына пропагандалап, анын катарына тартып жатышы терең тынчсызданууну жаратат, деп сөзүн улады Президент. Ушуга байланыштуу биз Регионалдык антитеррористтик түзүмдөрдүн ишинин натыйжалуулугун жогорулатышыбыз керек.

“Бүгүн биз экстремизмге каршы туруу боюнча ШКУнун Конвенциясын кабыл алып жатканыбыз терроризмге каршы күрөшкө кошкон салымыбыз болуп калат деп ойлойм.

Жогоруда аталган факторлордун өсүшүнүн шарттарында канатташ чек ара райондорунда ишенимди бекемдөө боюнча кызматташууну тереңдетүү зарылчылыгы жаралып жатканын белгилеп кетейин. Биз ШКУ мүчө мамлекеттеринин ортосундагы чек араларды тынчтыктын жана достуктун алкагына айландырышыбыз керек.

Ошондуктан биз “шанхай духун” жактаган боюнча калып, чек ара маселелери боюнча ШКУ мүчө мамлекеттеринин кызматташуусу жана өз ара аракеттенүүсү жөнүндө Макулдашууга ылайык өз ара так аракеттенүүгө тийишпиз. Бул Макулдашуу 2015-жылы кабыл алынган”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Кыргыз Республикасынын Президенти соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрүү дагы аймакта стабилдүүлүктү жана коопсуздукту чыңдоого өбөлгө болоорун билдирди. “Анткени мамлекеттерибиздин калкынын жыргалчылыгы, экономикалык проблемаларды чечүү экстремисттик идеялардын экспансиясын токтотуп, туруксуздуктун жергиликтүү очокторунун пайда болушуна жол бербөөгө шарт түзөт. Ошондуктан биз соода-экономикалык кызматташууну активдештирүүнү колдойбуз, бул багытта ШКУнун өнүктүрүү банкын түзүү боюнча маселени чечүүгө акыры мезгил бышып жетилди. ШКУнун өнүктүрүү банкын түзүүгө артыкчылык берүү менен бирге Кыргызстан ШКУну жана Шанхай бешилтигин түзүүчүлөрүнүн бири болгондугун дагы бир ирет эске салып койгубуз келет. Ошол учурда дагы, азыр дагы биз ШКУ банкы Бишкекте түзүлүп, ушул жерде жайгашышы керек деп баса белгилейбиз”,- деп Алмазбек Атамбаев инфраструктураны өнүктүрүү абдан чоң мааниге ээ экендигин баса белгиледи.

Кыргызстандын Президентинин пикири боюнча инфраструктураны өнүктүрбөй туруп интеграциялык процесстерди тереңдетүү мүмкүн эмес. Бул жерде “Бир алкак – бир жол” глобалдуу идеясында биздин аймактагы сунушталган мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланыш керек.

“Бул идеялар ШКУну 2025-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясы жана БУУнун 2030-жылдарга чейин туруктуу өнүктүрүү тармагындагы күн тартиби менен үндөшүп турат.

Ушуга байланыштуу мен дагы бир ирет «Китай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушунун долбоорун ишке ашыруу абдан маанилүү экендигин белгилеп кетем.

Биз бүгүн ШКУ мүчө мамлекеттеринин туризм чөйрөсүндө кызматташуусу жөнүндө Программаны ишке ашыруу боюнча биргелешкен аракеттенүү Планын кабыл алууну колдойбуз”, -деди Алмазбек Атамбаев.

Сөзүнүн акырында Мамлекет башчысы бүгүнкү жыйындын жыйынтыктары ШКУнун алкагында кызматташууну чыңдоого олуттуу салым кошооруна ишенимин билдирди. Кыргызстандын Президенти Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаевге өткөн мезгилдеги ийгиликтүү ишмердиги үчүн ыраазычылык билдрип, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзипинди алдыдагы мезгилде ШКУ мүчө мамлекет башчыларынын Кеңешинде төрагалык кылуу милдетин алышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий