• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Атамбаев: Азезил дайыма сонун келбетте келет

Президент 0

Бишкек, 18.10.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Акыркы шайлоодо Кыргызстандын президенттигине өлкө кызыкчылыгы үчүн иштебей турган адамды таңуулашты. Бул тууралуу КР президенти Алмазбек Атамбаев студенттерге президенттик стипендия тапшыруу учурунда билдирди.

Анын айтымына караганда, ал абдан харизмалуу талапкер болчу, келбеттүү, көздөрү да чырайлуу жана сөздөрү таттуу. “Албетте, ага көпчүлүгү сатылып алган. Бирок азезил дайыма сонун келбетте келет. Биз өз көз карандысыздыгыбызды сактап калышыбыз керек”,-деди ал.

Анын айтымында, эл үчүн эң баалуу - бул Кыргызстандын көз карандысыздыгы.

“Бул көз карандысыздыкты акчага алып коюлары мүмкүн. Кээде таттуу сөздөргө алданганда аны түшүнүүгө мүмкүн эмес, бирок анын артында шайтан жашынган болот. Менин да көздөрүмдүн ачылганына бир жарым ай гана болду”.-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий