• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Атамбаев ажыдаарга айланбаш үчүн президенттин рецепти тууралуу айтып берди

Президент 0

Бишкек, 20.11.17. /Салтанат Абдраева - Кабар/. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн өзүнүн жыйынтыктоочу маалымат жыйынында ажыдаарга айланбаш үчүн президенттин универсалдуу рецеби тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, ал 15-октябрга чейин Кыргызстандын президенти ким болорун билген эмес. “Эгерде Бабанов болсо, өлкөнү ал эмес эле, казак олигархтары башкарат эле. Президент үчүн ажыдаарга айланбаш белгилүү бир рецепт жок экенин белгилей кетким келет. Биз 2016-жылы атайын референдум өткөрүп, президент ажыдаарга айланбашы үчүн Конституцияга өзгөртүү киргиздик”, - деди ал.

Атамбаев жаңы президент Сооронбай Жээнбеков анын досу экенин белгиледи. “Соке менин досум. Мен аны 25 жылдан тааныйм. Бул мезгилде ал менин жанымда болду. Ар кандай жагдайлар болду. Бирок ал сатып кеткен жок, дайыма жанымда болду”, -деп бөлүштү мамлекет башчы.

Пикир

Оставить комментарий