• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Атамбаев бүтүрүүчүлөрдү алдыга умтулууга чакырды

Президент 0

Бишкек, 5-июль /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку баа алганжана “Алтын сертификаттын” ээлерин куттуктоо кечесинде мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев мектеп бүтүрүүчүлөрүн эч нерсеге карабай алдыга гана умтулууга чакырды.

“Мен 61 жашка чыгайын деп калдым, артка кылчайып карап көрсөм жашоомдун негизи мектеп болчу экен. Мен мектепти беш деген баага бүтүргөм. Менин бардык алган билимим, окуган китептерим келечегиме таасирин тийгизди. Мектепти аяктаган соң мен жакшы окуй алган жокмун, себеби эрте үйлөнүп алгам. Москвада мага иштегенге туура келди, ошондуктан менин мектепте алган билимим мага чоң жардам берди”,-деди Атамбаев.

Ошондой эле, мамлекет башчысы бүтүрүүчүлөрдү сокур ишенимдин артынан эмес, билимдин жолу менен кетүүгө үндөдү.

“Мен араб маданиятынан жана Исламдан мисал келтиргим келет. Эмнеге Ислам жер шаарына өтө тез тарады?, себеби ал билимдин, алгебранын негизинде түптөлгөн. Имамдар 300 жыл өткөн соң талашкандан жыйынтык чыкпайт экен деген чечимге келгенден кийин, гана абал начарлай баштаган. Араб халифаты өзү жок болуп кеткен. Кудайга болгон ишеним менен араб маданиятын аралаштыргандар маселеси- бул өтө чоң көйгөй. Өмүр боюу окуш керек”,-деди президент.

Алмазбек Атамбаев ар бир адам өзүнүн маданиятын жана тилин унутпоо зарылчылыгын белгилеп, бүтүрүүчүлөрдү кандай болгон күндө дагы чөкпөй, өмүр боюу билим алууга чакырды.

“Мен 1999-жылы праламентке киргенимде менден бардыгы качканы эсимде. Досторум, туугандарым карабай кетишкен. Бирок жашоонун бир дагы кыйынчылыгына карабай алдыга гана умтулууга мен өзүмдү мажбур кылдым. Менин жашоодогу урааным-“Жашоого өчөшүү”. Эч качан чөкпөгүлө ар дайым жашоого өчөшүп, бардыгына чынчылдык жана боорукерлик менен мамиле кылгыла. Эсиңерде болсун! Айрым учурларда адам бир нерсени сараңдыгынан эмес, жардылыгынан жазап коет. Өзүңөрдү башкалардан бийик койбогула. Сиздер бир гана өзүңүздөрдүн мамлекетиңиздерде бактылуу болооруңарды унутпагыла”,- деп кошумчалады мамлекет башчысы.

Пикир

Оставить комментарий