• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Атамбаев: “Балдарыбыз ак илбирсти музейлерден гана көрүп калышына биз жол бербешибиз керек, жерибиз үчүн биз жооптуубуз”

Президент 0

Бишкек, 25.08.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 25-августта, өзү демилгечи болгон Ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча эл аралык форумду ачып, сөз сүйлөдү.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, Мамлекет башчысынын сөзүнүн текстинде төмөнкүдөй айтылат:

“Урматтуу мекендештер!

Урматтуу бүгүнкү иш-чаранын катышуучулары!

Урматтуу коноктор!

Баардыгыбызды Ак илбирстин Эл аралык Форумунун ачылышы менен куттуктайм!

Форумдун иши ийгиликтүү, натыйжасы жемиштүү болсун!

Урматтуу мекендештер!

Урматтуу Форумдун катышуучулары!

Урматтуу чет элдик достор, коноктор!

Чет элдик делегация башчыларына, эл аралык жана коомдук уюмдардын жетекчилерине Форумдун ишине катышып жатканыңыздар үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирем.

Урматтуу Форумдун катышуучулары!

Ак илбирс кыргыз эли үчүн ыйык жаныбар жана Кыргыз Республикасынын тоолуу экосистемасынын көрүнүктүү символу болуп саналат.

Учурда ак илбирсти сактап калуу жана көбөйтүү бардыгыбыз үчүн негизги милдеттерден.

Ак илбирстин жоголуп кетүү коркунучуна байланыштуу биздин тынчсыздануубузду дүйнө коомчулугу дагы тең бөлүшүп жатканы жакшы жышаан.

2013-жылы Бишкекте ак илбирсти сактап калуу боюнча Дүйнөлүк биринчи форумду өткөрүү жана ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча Глобалдуу программанын кабыл алынышы ак илбирс мекендеген өлкөлөрдүн, эл аралык уюмдардын жана финансылык институттардын ортосунда натыйжалуу өз ара аракеттенишүүсүнө негиз түзүп кетти.

Арадан өткөн 4 жылдын аралыгында ак илбирс мекендеген өлкөлөрдүн күч аракети менен 2013-жылдагы Бишкек декларациясынын жоболорун ишке ашыруу боюнча олуттуу жыйынтыктарга жетиштик:

· Ыйык жаныбар мекендеген өлкөлөрдө ак илбирс жашашы үчүн абдан маанилүү 23 ландшафт аныкталды. Ошол ландшафтты сактоону 2020-жылга чейин камсыз кылуу зарыл.

· Бишкекте Глобалдуу программанын катчылыгы түзүлгөн. Ал кызыктар болгон өлкөлөрдүн жаратылыш коргоо ведомстволору менен кызматташып, мониторинг жүргүзүп, ак илбирс мекендеген өлкөлөрдө ак илбирсти сактоо боюнча Глобалдуу программаны ишке ашырууга көмөк көрсөтөт.

· Глобалдуу экономикалык фонд, Жашыл климаттык фонд, Адаптациялоо фонду, Инвестициялык климаттык фонд сыяктуу түзүмдөр менен кызматташуу жолго коюлду. Ушуга байланыштуу Катчылыктын ишмердигине колдоо көрсөткөндүгү үчүн Глобалдуу экологиялык фондко ыраазычылык билдиргим келет. Өзүбүз тараптан Кыргыз Республикасы мындан ары дагы Катчылык толук кандуу иштеши үчүн бардык шарттарды түзө берет деп ишендирип кетем.

· Ак илбирс мекендеген өлкөлөрдө 23-октябрь Ак илбирстин эл аралык күнү катары бекитилди.

Мына ушунун баарын өнөктөш өлкөлөрдүн, эл аралык уюмдардын жана финансылык институттардын колдоосу менен ишке ашырууга мүмкүн болду.

Кыргыз Республикасы демилгечи өлкө катары ак илбирсти коргоо үчүн өзгөчө корголуучу жаратылыш парктарынын тармактарын кеңейтүү жана ишмердигин жакшыртуу боюнча чараларды көрүп жатат. Өлкөдө өзгөчө корголуучу үч жаратылыш аймагы түзүлдү - «Хан-Теңири», «Алатай» жана «Кан-Ачуу».

Натыйжада биз Кыргызстанда ак илбирстин саны кыскарышын токтотууга жетише алдык. Быйыл Чүй Өрөөнүндө фототузактар ак илбирс бар экенин көрсөткөндө бардыгыбыз абдан сүйүндүк. Анткени мурда Чүйдө ак илбирс жок эле.

Мындан 15 жыл мурда өлкөдөгү ак илбирс мекендеген негизги жерлердин бири болгон Сарычат-Эрташ мамлекеттик жаратылыш коругунда ак илбирс жоголуу коркунучунда калганы белгилүү.

Учурда биргелешкен күч аракеттердин аркасында ошол аймак ак илбирс туруктуу көбөйгөн жер болуп саналат.

Кызматташуунун жакшы тажрыйбасы биз ак илбирс сакталып калышы үчүн шарттарды түзө алаарыбыздын ачык мисалы болуп калды.

Биз адамдар менен ак илбирс жана сейрек кездешчү жаныбарлардын башка түрлөрү шайкеш жашаган дүйнөнү түзүп жатабыз.

Урматтуу катышуучулар!

2015-жылы бардык өлкөлөр туруктуу өнүктүрүүнүн жолун тандап алып, туруктуу өнүктүрүүнүн үч – экономикалык, социалдык жана экологиялык компонентин интеграциялоо аркылуу БУУнун туруктуу өнүктүрүүнүн Максаттарына жетишүү боюнча милдеттенмелерди алганбыз.

Бул контекстте “жашыл экономикага” жана “жашыл” инвестицияларды тартууга өтүү маселеси кыйла актуалдуу болуп баратат. Ошондуктан бүгүнкү Форумдун алкагында “жашыл” инвестициялар боюнча өзүнчө сессия өткөрүлөт.

Сессиянын жыйынтыктары ак илбирсти сактоо боюнча жалпы ишибизге жакшы саамалыктарды киргизүүгө өбөлгө түзөөрүнө ишенем.Жагдайдан пайдаланып, ак илбирс мекендеген өлкөлөрдүн лидерлерине жана тийиштүү ведомстволордун жетекчилерине бул Форумда ак илбирсти сактап калуу, анын ландштафтык аймактарын жана экосистемаларын Глобалдуу экологилык фонддун финансылык колдоосу менен мультиөлкөлүк (комплекстүү) долбоорду ишке киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүп, талкууга алууну сунуштайм.

Бул долбоор ак илбирс мекендеген бардык он эки өлкөнүн ак илбирсти жана анын бийик тоолуу экосистемаларын сактап калуу боюнча күч аракетин бириктирет.

Улуттук жана глобалдык биоартүрдүүлүктү сактоого, ак илбирс мекендеген өлкөлөрдө улуттук жаратылыш коргоо боюнча мыйзамдарды күчөтүүгө басым жасоо абдан маанилүү.

Глобалдуу экологиялык фонд бул демилгени колдойт деп ишенем.

Анткени бул долбоор ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо үчүн бул форумдун стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири болгон БУУнун Өнүктүрүү программасы аркылуу практикалык аракеттерди ишке ашырууга багытталган

Урматтуу мекендештер!

Байыркы кыргыз ак илбирске өзгөчө мамиле кылып, кыргыз элинин колдоочусу катары көрчү.

Улуу кыргыз каганатынын негиздөөчүсү, биринчи каганыбыздын аты да Барсбек деп бекеринен коюлган эмес.

Алтай тектүү тууган элдер азыр да илбирсти “барс” деп аташат. Мисалы, татар, башкырлар. Кыргыздарда болсо барс илбирс болуп калган. Анткени, барс дебей ил барс деп сыйлап атачу. Байыркы кыргыздарда ил менен эл деген сөздөрдүн мааниси бир болчу. Бара бара, мезгил өтүп, илбарс кыргыз тилинин сингармонизм мыйзамына ылайык илбирс болуп калды.

Илбирс – ыйык жаныбар! Илбирс элибиздин бириси. Ошондуктан төрт жыл мурда Ак илбирстин биринчи Форумунда айткан сөзүмдү кайталагым келет:

Айланайын кыргыздар!

Илбирсти аткан кыргыз өз элин аткан манкуртка барабар!

Илбирстин терисин саткан кыргыз өз жерин саткан акмакка барабар!

Кыргыз жергесинде эч качан, эч ким илбирске кол көтөрбөсүн!

Илбирс – элибиздин бириси!

Бабаларыбыздын, Барсбек агабыздын арбагын, мурасын сыйлайлы!

Урматтуу мекендештер!

Өлкөбүздүн парламентине жана жаңы өкмөткө кайрылгым келет! Жаңы Өкмөт Жогорку Кеңеште бекитилет деп ойлойм.

Учурда Кыргызстанда өлкөнү 2040-жылга чейин туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиясы иштелип жатат.

Бул дата эмне себептен тандалып алынган?

Анткени биз 2040-жылы Улуу кыргыз Каганатынын түзүлгөндүгүнүн 1200 жылдыгын белгилейбиз.

Кыргыз Каганатынын биринчи жетекчиси, кыргыздардын алгачкы каганынын аты Барсбек деп коюлганы жакшы белги.

Ошондуктан бул Стратегияда ак илбирсти жана анын экосистемасын сактап калуу боюнча программа өзүнүн татыктуу ордун ээлегени бирден бир туура иш болот. Бул программа сөзсүз кошулушу керек. Ансыз Стратегия толук болбой калат.

Урматтуу Форумдун катышуучулары!

Ак илбирстин тукумун сактоо боюнча чечкиндүү кадамдарды жасамайын биз өтө сейрек жаныбарлардын жана куштардын миңдеген түрлөрүнөн кол жууп калгандай эле, жаратылышыбыздын кайталангыс тартуусун биротоло жоготуп алышыбыз ыктымал.

Балдарыбыз ак илбирсти музейлерден гана көрүп калышына биз жол бербешибиз керек. Жерибиз үчүн биз жооптуубуз.

Ак илбирстин тагдыры биздин колубузда. Биргелешип биздин дүйнөнү, жаратылышты анын түркүн жан-жаныбарларын сактап кала алабыз деп ишенем.

Форумдун бардык катышуучуларына жыйынтыктуу иштеп, ийгиликтерге жетишүүсүн каалайм. Сиздерге Кыргызстанга келгениңиздер үчүн, кайдыгерлик кылбаганыздар үчүн мен абдан ыраазымын.

Бүгүнкү жолугушууда кабыл алган чечимдерибиз мындан 4 жыл мурдагыдай эле, өлкөлөрүбүздө ак илбирстин тукумун сактап калуу боюнча реалдуу жыйынтыктарды берет деп ишенем.”

Пикир

Оставить комментарий