• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Атамбаев баш прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алды

Президент 0


Бишкек, 13-июнь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 13-июнда өлкөнүн баш прокурору Индира Жолдубаеваны кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына өлкөбүздүн укук коргоо органдарынын системасын реформалоонун алкагында надзордук органга өткөрүлүп берилип жаткан милдеттер - кылмыштарды каттоону жүргүзүү, кылмыш-укуктук статистиканы калыптандыруу, анализдөө, чараларды иштеп чыгуу жана өлкөдөгү кылмыштуулуктун абалын прогноздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында маалымат берилди.

Индира Жолдубаева ошондой эле мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар, ишкерлердин укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү ишмердик жөнүндө маалымдады.

Президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттин алдында турган бардык чөйрөдөгү милдеттерди натыйжалуу ишке ашыруу үчүн мыйзамдын артыкчылыгын жана мыйзамдуулукту сактоону камсыз кылуунун маанисин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы көзөмөлдөөчү орган укук коргоо органдарынын ишмердигин мындан ары өркүндөтүү жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иштиктүү чараларды көрүш үчүн кылмыштарды каттоонун жана анализдөөнүн системасынын иши сапаттуу аткарылышын камсыз кылууга тийиш экендигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий