• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Атамбаев Башкы прокурорду кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 25.09.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 25-сентябрда өлкөнүн башкы прокурору Индира Жолдубаеваны кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына Президентке талапкерлер тарабынан агитациялык кампанияны жүргүзүү мезгилинде шайлоо мыйзамдарынын сакталышына көзөмөл жүргүзүү боюнча Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында маалымат берилди. Башкы прокурордун айтымында тиешелүү көзөмөл жана контрол күчөтүлдү, жалпыга маалымдоо каражаттарында, социалдык тармактарда жарыяланган мыйзам бузуулар, анын ичинде шайлоочулардын добушун сатып алуу жана администрациялык ресурстарды колдонууга байланыштуу фактылар боюнча текшерүүлөр жүргүзүлүп жатат.

Маалыматты угуп, Президент Алмазбек Атамбаев Башкы прокуратурага президенттик шайлоолор мезгилинде мыйзамдын сакталышына көзөмөлдү күчөтүп, шайлоо мыйзамдарын бузуулар аныкталса, катуу чара көрүүгө тапшырма берди.

Пикир

Оставить комментарий